Орусиянын президенти Владимир Путин 64 жашка толду. Ал 1952-жылы Ленинградда төрөлгөн. Саясий ишмер 1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы СССРдин Улуттук коопсуздук кызматына кирген.
1999-жылы 31-декабрда Орусиянын президенти Борис Ельцин калкка жаңы жылдык кайрылуусунда кызматынан кетерин жана өз ордуна Владимир Путинди дайындаганын билдирген. 2000-жылы 26-мартта Путин 53 пайыз добуш менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Ал эми ошол эле жылдын 7-майынан тартып расмий түрдө ишке киришкен. Путин дүйнөдөгү эң таасирдүү саясатчылардын катарын толуктайт.
7-октябрдын жылнаамасы.