Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Ош шаардык төрөт үйүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, үч эмди 6-октябрь күнү Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну Анара Кудайбердиева жарык дүйнөгө алып келген. Алгач ымыркайлардын абалы оор болгондуктан аппаратка салынган. Кечээ аппараттан чыгарылып, учурда үч эмдин жана эненин абалы жакшы. Үчөө тең эркек бала.