Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мундун ордуна Португалиянын экс-премьер-министри келери күтүлүүдө

Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши Португалиянын экс-премьер-министри, качкындар боюнча мурдагы Жогорку комиссар Антониу Гутерришти уюмдун башкы катчылыгына расмий көргөздү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, 6-октябрда кеңештин 15 мүчөсү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. "Бул жумада Башкы ассамблея Гутерришти бекитет деп күтүлүүдө. Ал кызматына 2017-жылдын 1-январында киришип, БУУну он жылдан бери жетектеп келген Пан Ги Мундун ордун ээлейт. Пан Ги Мун Гутерришти “мыкты талапкер” деп атады. Гутерриш 1995-2002-жылдары Португалиянын өкмөтүн жетектеп турган. 2005-жылдан 2015-жылдын декабрына чейин Качкындар мекемесин башкарган", - деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, Пан Ги Мундун мураскору болуу үчүн 12 талапкер ат салышкан. Алардын айрымдары БУУну Сирия кризисин чечүүдөгү жана Эбола вирусу менен күрөшүүдөгү ыкшоо аракети үчүн кескин сынга алышкан. Кээ бир талапкерлер уюмду түп-тамырынан бери реформалоону сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba502
2016-10-10 09:52:32
Азимжанды да эми коюп жибергиле
0
kuba502
2016-10-10 09:53:05
Бул да бекер келбей атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан