Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" жанында Кулиев-Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде малдын эти санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген жайда сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда окурман SUPER.KG порталына билдирди. Маалым болгондой, аталган жайда иттер бош жүрүшөт. "Буга чейин бул жер жабылган болчу, бирок кайра эле иштеп жатат. Буларды ким текшерет?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.