Кыргыз Республикасында психикалык саламаттыктын бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын максаты - депрессия, шизофрения, Альцгеймер оорусу, баңгилик жана башка психикалык оорулардын жайылышына коомчулуктун көңүлүн буруу. Коомдо психикалык уюмдардагы бейтаптарга болгон мамилени өзгөртүү, адамдардын өзүнө өзү кол салган учурларга мамлекеттин көңүлүн буруу максатында өлкө аймагында ушул жылдын 10-октябрынан 10-ноябрына чейин психикалык саламаттыктын бир айлыгы өткөрүлөт.
"Анын алкагында иш-чаралар, психикалык жактан жабыркаган жарандарга мамилени өзгөртүү жана башка маселелер боюнча атайын чакырылгандардын катышуусунда тегерек столдор өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.