ЭЛДИК ВИДЕО: Тойдо оюндан от чыкты

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Оюндан от чыкты. Балдар кыздан өч алышты" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Cinderella).

Видеодо өлкөдөгү тойлордун биринде кызыктуу оюн болуп жатканы көрсөтүлөт. Оюндун эрежесине ылайык, эки топко бөлүнгөн жигиттер таттуу тортту батыраак жеп түгөтүшү керек. Тортту жегенге ылайыктап кармап берип турган кыз улам жигиттердин бетине таттууну жакын алып келип, бетине сыйпоого аракет кылат. Бир маалда бир жигит тамашага улай тамаша дедиби же кызды сынап көрүү үчүнбү, айтор, тортту кыздын бетине жаба салат. Кызыктын баары ошондо башталып, колундагы торт менен кыз жигитти көздөй бир урат...

Ал эми жогоруда аталган тойдо алып баруучулук кызматты аркалаган Назира Жетигенова окуя тууралуу буларды билдирди: "Оюнду той бүтөргө аз калганда ойнотчумун. Жигиттердин колу бекем байланып, кыздар алардын кийимдерин булгабай, акырын бетин торт менен сыйпашы керек. Жогорудагы видеодо бир жигиттин колу байланбай калса керек. Ал эми бети торт болгон кыз тойдун акырына чейин калбай таарынып кетип калыптыр, той ызы-чуусу жок эле соңуна чыкты. Ошол окуядан кийин бул оюнду ойнотпой калдым".

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
talant87
2016-10-10 14:27:30
озуно жараша кылыптыр кызга булда аз
+3
Aser80
2016-10-10 14:37:44
Сыртынан сулуу, адамгерчиликтуу болуп корунгусу келген кыздардын чыныгы жузу, характери ушундай моменттерде билинип калат ээ.Кыздын пейили кыйла эле го, торт менен атып урганына караганда
+5
brit
2016-10-10 15:59:51
Aser80,туура айтасыз, анчалыкка барбай Эле койбоптур. Бетин жууп алат Эле го, тамашага тамаша Деп баланын бетине жармаштырып коюш керек болчу тортту кулуп туруп.
0
Namystan
2016-10-10 18:09:54
brit, негизи эле кыз озу туура эмес кылыптыр, башка командадай болуп эле кыйшандабай, баарына ого бетер торт суйкобой тынч турса болмок, себеби ансыз деле торт жегенде жигиттер баарыбир булганмак!
0
kyrghyzstan1989
2016-10-10 14:46:41
:-D:-D:-D:-D
0
modem4999
2016-10-10 14:50:00
Дагы жакшы стол менен бир чаппаптыр.
+3
Contra_
2016-10-10 15:26:23
Ой атан гору! Торт салган идиш нары жакта турган кичинекей кыздын башына тийди го! Тиги ХХХ жоопко тартыш керек!!!!!!!
+1
admin_portal
2016-10-10 15:30:42
Contra_, этика нормаларын сактаңыз!
0
Samchuk
2016-10-10 16:53:54
Ушу кантип оюн болсун! Тиги кыздын көзүндө накладные ресницы болсо, кирпиктери тортто калып калды го ))) Элестеткиле канча акчага жасаткан макияжын жуубатканын. Жалко...
+1
KYRGYZJERI
2016-10-10 17:25:47
Эркек болгондон кийин иштин болгону болуптур деп кызга башкача мамиле кылуу керек эледа.
конулун алып жакшы суйлоп койсо бутмок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан