КҮНСЕРЕП: Бийлик оппозиция менен эмес, террорчулар менен күрөшүүгө милдеттүү

Бүгүн, 10-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыккан саясий күчтөр Бишкекте курултай өткөрүштү. Иш-чарада оппозиция өкүлдөрү бийликтин 6 жыл ичинде кетирген каталарын айтып, катуу сындап, Баш мыйзамды өзгөртүүнү токтотуу талабын коюу менен курултайдын резолюциясын кабыл алышты. Баш мыйзамды өзгөртүү мыйзамсыз жана жакшылыкка алып келбестиги айтылды. Курултайды үзгүлтүккө учуратуу аракеттери да болду, залда кыйкырып, сүйлөп жаткандардын сөзүн бөлүүгө аракет кылган чагымчылар да болушту. Алдыдагы референдумда бийликте утулуп калуу коркунучу дале сакталууда. Референдумда шайлоочулардын бир тобу Конституциянын эмнеси өзгөрүп жатканын так билбегендиктен, “Атамбаев же Текебаев үчүн” деген ой менен добуш бериши ыктымал. Эгер президенттин командасы оппозицияга жеңилсе, парламенттеги жана парламенттик эмес күчтөрдүн балансы өзгөрөт. Айрыкча “Ата Мекендин” үнү күчөйт, салмагы өсүп, аброю жогорулайт, бул партиянын лидери үчүн президенттик шайлоодо жеңүүгө мыкты мүмкүнчүлүк. Муну жакшы түшүнүп турган президенттик команда “Ата Мекенди” ар кандай жол менен жыгууга аракеттенүүдө. Ошол эле “Мегаком” боюнча “ата мекенчилер” Өмүрбек Текебаевди, Аида Салянованы, Алмамбет Шыкмаматовду күнөөлөө аракетине көпчүлүк күбө, бирок бул аракет канчалык ишке ашары күмөн. Бийликтин укуругу социалдык өнүгүү жана эмгек министри, “ата мекенчи” Кудайберген Базарбаевге жетти көрүнөт. Ал бүгүн-эртең кызматын тапшырганы турат. Анын кызматтан кетерине министрликтеги коррупциялык иштер себеп болгон деген божомолдор да айтылууда. Акыркы кездерде жалаң "ата мекенчилер" бошотулуп жатканы жөн эле дал келүүбү же чын эле куугунтукпу?..

Америка Кошмо Штаттары менен Улуу Британиянын элчиликтери Кыргыз Республикасындагы аталган өлкөлөрдүн жарандарын сак болууга чакырышты. Дипломатиялык мекемелердин билдиришинче, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн. Мындан улам аталган эки мамлекеттин элчиликтери жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырууда. АКШ менен Улуу Британиянын терроризм менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы Кыргыз мамлекетиникине салыштырмалуу күчтүү. Бул мамлекеттерде буга чейин ири теракттар орун алган. Аларга өлкөбүздүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билбеген террордук уюмдардын пландары белгилүү болушу мүмкүн. Албетте, мындай коркунучтуу билдирүүдөн кийин бир гана америкалыктар менен британиялыктар эмес, жалпы өлкө тургундары сак болушу керек. Бирок мындайда бир топ суроолор жаралат. Эмнеге террордук коркунучтар боюнча элчиликтерде болгон маалыматтар УКМКда жок? Бул окуя УКМК бийликтин оппоненттери менен эмес, террорчулар менен күрөшүүсү зарылдыгын дагы баса көрсөттү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан