Бишкектеги Британия элчилиги дагы террордук чабуулдар болушу ыктымалы тууралуу эскертти

Элчиликтин мындай билдирүүсү бүгүн, 9-октябрда Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды. Маңызы бир күн мурун АКШ элчилиги тараткан билдирүүгө окшош.

Буга чейин АКШ элчилиги Кыргыз Республикасындагы жарандарын сак болууга чакырып, расмий сайты аркылуу билдирүү тараткан. Сайттагы билдирүүгө караганда, октябрь айында чет элдик дипломаттарга карата террордук чабуулдар жана аларды барымтага алуу фактылары болуп кетиши мүмкүн экени айтылат. Мындан улам АКШ элчилиги жарандарын сак болууга, эл көп топтолгон жерлерге барбоого, коомдук жайларда коопсуздукту сактоого чакырган.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги АКШ элчилиги тараткан билдирүү иликтенип жатканын билдирди. Маалыматка караганда, элчиликтен УКМКга расмий билдирүү келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Kainar20
2016-10-09 20:44:46
Жон еле адамды коркутуп жататта
+7
Gulmeiz
2016-10-09 20:48:57
Тынчылык эле болсунчу
+7
Ayida
2016-10-09 20:58:21
Пикет митингке келбесин деп атса керекда адамдарды
+5
Tansuluu09
2016-10-09 21:05:13
Аллахым озу сактасын баарын...
+9
semo
2016-10-09 21:07:52
Болот дегенде еле өзү бир нерсе болот еле өтө етият болуш керек биздин чекистер ушу окшогондорду иликтеш керек
+7
Tansuluu09
2016-10-09 21:08:09
Бир жактан чын эле чондордун оюну болушу мумкун себеби конституцияны озгортобуз деп жатышатко алар бийликте эки тарап болуп болунушкон.. азыр элдер конституцияны озгортпойбуз деп митинге чыгышы мумкун. Ошону чыгарбасын деп ушуну ойлоп тапканбы деймда...
+6
chikeusenov
2016-10-09 21:23:26
концтитутция алмашы керек депутатардын кучу кетет ошого депутатар каршы болуп ататда акш британия да каршы да себеби буларга баш аламан мамлекетер пайдалуу
+4
Rasul1987
2016-10-09 21:27:45
chikeusenov,далдыраба, конституция өзгөртүлбөсүн. Эгер өзгөрсө Кыргызстанды Фарид Ниязов жана Сооронбай Жээнбеков башкарып калат. Депутаттар кыңк дебей алар айтканды жасап калат.
-1
USSRKG
2016-10-09 22:57:57
Rasul1987,120 сы жегени жакшыбы же 2 адам жесе жакшыбы.бааиибир жейт булар озгортуп эле салыш керек. каяктагы нерчелерди айтып атасынар урган жери жок АКШнын биздин конституция мн ал бир эле тепкич жардам берет.Россия айтты эгер АКШ сирияда Асад армиясына каршыбир бомба таштаса Самолетторунарды атып тушуробуз деген.АКШда РФ нын С300,С400 Зенит Ракета Системасына каршы оружия жок.бомба таштай албайт же Россияга согуш ача албайт.не кылуу керек РФны сосеттери аркылуу мат кылуу керек.РФ КЫТАЙ биз мн
-1
Rasul1987
2016-10-10 02:03:30
USSRKG,эки адам жебейт Атамбаев жейт Арашанда жамбаштап жатып алып, а тиги экөө инкассатор болуп калат, акча ташып АШАга. Ушул ой башыңа келген жокпу.
+3
USSRKG
2016-10-10 14:03:53
Rasul1987,акылдуу ойлоп корчу атамбаев келгенден бери ушу системада иштешип жатат не иш кылышты жеп эле жатат жеп эле.конституция озгорсо бир адам башкарат.бир адам жейт ошонун жакындары жейт.120 сы башкарып ушунчасы жегени жакшыбы.эгер жакшы адам президент болуп калса ушуларды кысып туруп иштеп берет.бул конституция мн путин келсе деле колу байлоо болууп отура берет муну жасайн десе 120сы каршы чышып.
0
Abdullatif
2016-10-09 21:24:48
Элди ушинтип алаксытышат жана ойлогон максаттарына жетишет. Бул, Американын учунчу даражадагы олколор учун жасаган саясаты.
+1
talant87
2016-10-09 21:25:12
башчы начар ошого ар ким ойлогонун айта берет
+1
ss90
2016-10-09 22:10:11
Алла сактасын!!!
+1
sher.ella
2016-10-09 22:32:07
Эч качан кыргызстанда терак болгон эмес болбойт дагын болгону турмодон торт бешоону чыгарат дагын терористер келди деп элдерди ошентип дурболонго салат эми тушундунорбу туугандар терористер эч качан элчилерге айтып келбейт
+4
moskoy
2016-10-09 23:38:55
sher.ella,динчил сакалчандар эптеп озунорду акташынар керек да.
0
palina
2016-10-09 23:00:45
УКМК ишкерлерди сабап журот кызматына таянып. Алар ошону иликтеп журсо керек.
+2
Moskva.kg
2016-10-10 01:15:52
Алар биздин олкого кийлигишбесин биз сурап жаткандай кабар беришиптир го
+1
Hanzada.sabih
2016-10-10 08:05:10
Демек оздору бир нерсе уюштурса керек
+3
Gul14kA
2016-10-10 23:59:36
Жаратканым элиме тынчтык,ынтымак, биримдик, сабырдуулук бере кор! Боодо кырсыктан алыс болуп, жерибизде бейпилчилик орносун! Жаратканым колдосун! Деги эле дуйно жузундо,Терроризм жоголсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан