"Президенттин өткөн жолун "Президент жана бомж" деген тасмадагыдай тосуп чыгайын деп аракет кылдым, бирок милициялар өткөрбөй коюшкан" деген каарманыбыз үшкүрүнө башынан өткөн окуяларды айтып берди. Бишкекте 5 айдан бери лотоктун ичинде жашаган Анахита Алымбаева (өзүнүн тааныштыруусу боюнча - ред.) кышкы суукта кайда барып жашай турганын билбей жатат. Ал Казакстанда кулчулукка кабылган. Учурда борбор калаанын Токомбаев жана Ч.Айтматов кең көчөсүнүн кесилишинде каралбай калган сейил бактагы лотоктун ичинде күн кечирет.
"Өткөн жылы Казакстандын Чу облусунда иштеп келдим. Алгач бир эже менен таанышып калдым. Ал аял Ысык-Көлдө мал бакканга киши керек деп айткан. Биз макул болдук. Сүйлөшүп турган чакта ал аял суусундук сунуштаган болчу. Анын берген суусундугун ичип эс-учубузду жоготуп койдук. Эсибизге келсек Казакстанда экенбиз. Биз кулчулукка кабылганыбызды ошондо билдик. Ал жакта бир жыл иштедик. Казактар бизге кордук көрсөтүштү", - деди Алымбаева.
Алар менен кошо жер төлөдө кулчулукка кабылган бир канча адам чогуу жашаганын айткан Алымбаева ал жерден качып чыкканын кошумчалады. Алар каналдагы чоң суудан сүзүп өтүп качышкан. Өзү менен кошо жаш балалуу энелер, улгайган адамдар, арасында 15 жылдан бери жашаган аял бар экенин айтып берди. Алгач кароолчунун чөнтөгүнөн жер төлөнүн ачкычын уурдап, качууга мүмкүнчүлүк түзгөн.
"Жалпы 12 адам качып чыктык. Алар бизге жарытылуу тамак-аш беришчү эмес. Итке тамак бергендей тамак берет. Биз мал кайтарчубуз, талаада иштечүбүз. Качып келгениме 5 ай болду. Келгенден бери Бишкектеги каралбай калган сейил бакта жашап жатам. Буга чейин бизге келген милиция кызматкерине Казакстанда кулчулукта бир нече адам бар экенин айткам", - деди ал.
Лотокто күн кечирип жаткан Алымбаева ири дүкөндөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды терип келип тамак жасап жейт. Кээде кайыр сурап жан багат. Биз барган убакта сентябрь айында мөөнөтү бүткөн чүчпарадан тамак жасап жаткан экен. Ал учурда жумуш издеп жатканын айтты.
Анахита Алымбаева Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну. Ал буга чейин Токтогул районуна турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болгонун айтат. Жолдошу менен ажырашып, балдары жолдошунун апасында калган. Алар азыр 15-16 жашка чыгышкан. Каарманыбыз балдары менен кабарлашпайт. Балдары апасы кайда экенин билишпейт. Анахита учурда өзү менен кошо лотокто чогуу жашаган кишиге турмушка чыгып, аны менен эки жылдан бери бирге жашаарын айтты.