2016-жылдын 13-14-октябрында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетери күтүлөт. 14-октябрда күндүз абанын температурасы төмөндөп, суук болот. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми 15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча, мөмө-жемиштер үчүн коркунучтуу.