Маркум Исхак Раззаковго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылды

Бүгүн, 11-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун көзү өткөндөн кийин берилген "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наамын анын кызынын колуна тапшырды. Кыргыз Республикасынын Баатыры ордени Раззаковдун кызы Эльмира Раззаковага тапшырылды.

Мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев "Атамбаев Раззаковго наам ыйгарды" деген маалымат туура эместигин социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. Анын айтымында, Раззаковго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам берүү боюнча жарлыкка 2010-жылы президент Роза Отунбаеванын тушунда эле кол коюлган, бүгүн ошол сыйлыкты анын кызына тапшыруу жөрөлгөсү гана болду.

Эльмира Раззакова Раззаковго берилген дагы бир өзгөчө "Ак шумкар" белгисин жана жогоруда аталган орденди бүгүн Исхак Раззаковдун үй-музейине өткөрүп берерин мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында шахтёрдун үй-бүлөсүндө туулган. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги техникумду, Москвадан Пландоо институтун бүтүргөн. Өзбек ССРинде 1936-1938-жылдары Мамлекеттик пландоо комитетинде экономист, 1939-1941-жылдары комитеттин төрагасынын орун басары, 1941-1944-жылдары агартуу министри, ЭКС төрагасынын орун басары, 1944-1945-жылдары КП БКнын катчысы болуп иштеген. Ал эми 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. Исхак Раззаков 1961-жылдан тартып Москвада Экономикалык советтин мүчөсү, Пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн. Ошондой эле КПССтин съездине делегат, СССР Жогорку Советинин бир нече чакырылышына депутат болгон. Исхак Раззаков 2 Ленин, Ата Мекендик согуштун 1-даражадагы ордени жана башка орден-медалдар менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rasul1987
2016-10-11 13:38:34
Ошондо 11 жылда эле канчалаган зданияларды курдуруп койду.
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-11 15:05:31
Бул АтамбаевдинТуштук элинин конулун алуу аракети. Болбосо туштукто кырдаал озгоруп баратканын коруп турат,алардан бийликте эч кимди калтырбады.
0
Ulan2601
2016-10-11 16:11:11
Респубоикасынын???????????? же Республикасынын
0
STAN_KG
2016-10-11 19:29:41
Исхак Раззаков кыргыздын эң мыкты саясий ишмери. Анын аты тарыхтын актай барактарында түбөлүккө өчпөс болуп, алтын тамгалар менен жазылып кала берет! Рахмат сага Исхак ата! Анын таза эмгеги, ак кызматы, аруу дүйнөсүнүн нуру өзү жок болсо да, бүгүнкү күнгө чейин жаркырап жашап турат. Адал эмгегинин изи, биздин көз алыбызда жаркырап турат. Өмүрүн ЭЛИНИН келечеги үчүн арнагандар АМАН БОЛСУН!
+2
Zanzibara
2016-10-11 21:52:58
Эмнеге бийликке келгенде эле берген жок ия же, эми эсине келдиби ажобуз?????))) референдумду өткөрүү үчүн ар кандай жолдорду ойлоп таап элге жакшы корунуу үчүн жан талашууда)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан