"Сулайман-Тоо" Улуттук археологиялык музей-комплексине 9 айдын ичинде 96 690 саякатчы келген. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда SUPER.KG порталына аталган музей-комплекстин башчысынын орун басары Хайрулла Ибайдуллаев билдирди.
"Музейдин ишин, абалын мындан да жакшыртуу үчүн иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Бул жайга келгендердин саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Быйыл келген туристтердин ичинен 3615 адам акысыз тейленди. Ошондой эле алыскы чет өлкөлөрдөн 3250 турист келип, музей менен таанышты", - деп билдирди Ибайдуллаев.
Маалыматка караганда, жалпы музейге келгендердин ичинен 26 141 көрүүчүгө экскурсиялык тейлөөлөр камсыздалган.
Эске салсак, "Сулайман-Тоо" Улуттук археологиялык музей-комплекси 1238 чарчы метр жерди ээлейт. Аталган музейге кирүү акысы бир адам үчүн 50 сом турат.