Ош окуясында жабыркаган 130 үй-бүлөгө үй берүү маселесин өкмөт чечпей келет

Ош окуясында жабыркаган 130 үй-бүлө үй ала албай жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда маалымат жыйынында "Кыргыз журтум" коомдук фондунун төрайымы Сапаргүл Бердалиева билдирди.

"Биздин көйгөйдү премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чече албайт, анткени биз Жээнбековго Ош облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп тургандан бери кайрылып келебиз. Ал биздин абалыбызды абдан жакшы билет, бирок ушул күнгө чейин маселебизди чечпей жатат. Биз ошондуктан президентке кайрылып жатабыз. Буга чейин биздин фондго катталган 315 адамдын ичинен 79 адам үй алган", - деп билдирди Бердалиева.

Маалыматка ылайык, жабырлануучулар 2010-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, көйгөйлөрү оңдуу чечилбей келет.

"2010-жылы Ош окуясында 5 кыз зордукталган. Алардын айрымдары 15 жашта болгон. Учурда улуусу 30 жашта. Булар дагы үй ала албай жүрүшөт. Каргашадан улам 8 адамдын башында ок калып калган. Аларды операция жолу менен чет өлкөдө гана алат экен. Ал үчүн жабыркагандарда чоң каражат жок. Ал эми жабыркагандарга салынган үйлөрдү ипотекага 2015-жылдан баштап окуяга тиешеси жок адамдарга бере баштаган", - деп кошумчалады Бердалиева.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 27 көп кабаттуу үй салынган. Алардын арасында 16 кабаттуу 1 үй, калган 26 үй 5 кабаттуу болуп салынган. Учурда жабыркагандар психикалык оорулуу болуп, каттоодо турушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aylin.91kg
2016-10-12 21:42:03
Биздин окмот бийликти алыб алып, апрель баатырлары деп июньда жабыркагандарга толук жардам бербей кыйнап бутту
0
ainura220888
2016-10-13 03:24:50
Сакендерге тизип уйду салып беришти буларга берип койбойбу. Роза женеси кыйын экен ошондо эле судуробой салып берген уйлорун. Байата жаман куйгуздуго.
0
Aylin.91kg
2016-10-13 11:27:11
Эч кандай жабыр тартпаган, жогору жакта таанышы барлар бирден уйго ээ болуп олтурат!!! Уят да!!! Ал уйлор жон курулган жок кан тогулду канча адам жакынын жоготту! Канчасы ден- соолугун жоготту!! Ошолорго уй берсе жакшы болмок!!! Ок тийген деген омур бою ооруп журуп олосун деген да!!! Ошолорду сенин жараатын женил экен деп каравай коюшуп анан байкуштар Кыргыз журтума арызданып барышканын кобун кордук!! Мамлекет чечип берсе жакшы болмок уй маселесин!!!
0
simone
2016-10-13 20:59:39
Бул жерде деле коррупция, козум мн эле коргом...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан