Жалал-Абад облустук милициясы SUPER.KG порталына 10-октябрда Патрулдук милициянын кызматтык автоунаасы кабылган кырсык тууралуу өз версиясын айтып берди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 10-октябрь күнү Патрулдук милиция тарабынан “Маяк” аталышындагы рейд жүргөн. Анда рейд учурунда Патрулдук милициянын, Өрт өчүрүү, "Тез жардам" жана башка атайын кызматтык автоунаалардын чукул кырдаалдарда өз убагында жетип баруусуна өбөлгө түзүү жана айдоочуларды тартипке чакыруу максатында алдын алуу иш-чарасы уюштурулган. Рейд учурунда кызматтык атайын унаалар менен жолду автоунаалардан тазалап, тартип бузган айдоочуларга эскертүүлөрдү берип бара жатышкан.
"Патрулдук милициянын автоунаасынын эскертүүлөрүнө карабай алдыдагы автоунаа жолдун оң тарабына чыгып токтобостон, карама-каршы багыттагы жолдун сол тарабына бура койгон. Ал эми артында келе жаткан Патрулдук милициянын автоунаасы андан качам деп жана карама-каршы багытта келе жаткан автоунаалардан аргасыз качуу максатында жолдун (арткы бетиндеги) сол четине чыгып, бетон түркүктү сүзүп токтогон. Ошол учурда териштирүү иштери жүрүп, мыйзам бузган айдоочу күнөөсүн толук моюнуна алып, Патрулдук милициянын автоунаасына келтирген материалдык чыгымдарын төлөп бере турган болду. Бул кырсыктан эч ким жаракат алган эмес", - дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, 10-октябрда саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө Патрулдук милициянын кызматтык унаасы кырсыкка кабылганы тууралуу маалыматты "ЭЛДИК КАБАРга" окурман жөнөткөн.