Ош шаарындагы карылар үйүнө азык-түлүк, кышкы төшөнчүлөр жеткирилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарындагы карылар үйүн камкордукка алып, жардам көргөздү. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карылар үйүнө гуманитардык жардам катарында азык-түлүк, кышкы төшөнчүлөр берилген. Мындай кайрымдуулук жакынкы убакта Бишкек шаарында жайгашкан Майыптар коомуна да гуманитардык жардам катарында көрсөтүлөт.

"Боорукердик" жатак-үйүндөгү 26 улгайган адам жана 25 өспүрүм бала камкордукка алынып, 100 даана төшөнчү, 100 килограмм өсүмдүк майы, 100 килограмм чай жана 500 килограмм ун берилген. Ошондой эле алар үчүн 100 килограмм кант жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан