Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүндөгү "Топ жылдыз" балдар бакчасынын тушуна жасалма дөңсөөлөр коюлбайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык жолдор башкармалыгынан Арзыбек Жунусов билдирди.
"Масалиев кең көчөсү - борбордук жол. Бул жолго эреже боюнча дөңсөө коюуга мүмкүн эмес. Ал жерге "зебра" чийилип, ылдамдыкты азайтуу үчүн белги коюлган. Айдоочулар жөө адамдарды сыйлап, токтоп өткөрүшү керек", - деди Жунусов.
Эске салсак, окурман 13-октябрда "Элдик кабарга" Масалиев кең көчөсүндөгү "Топ жылдыз" балдар бакчасынын тушуна жасалма дөңсөө коюу боюнча кайрылууну Ош шаардык мэриясы жана МАИ кызматы карабай жатканын билдирген.