Нарын облусунун ири базарларында жана курулуш тармактарында жашы жете элек өспүрүм балдарды оор жумуштарга иштетүү фактылары жокко эсе. Мындай маалыматты Мамлекеттик
экологиялык-техникалык инспекциянын Нарын облустук башкармалыгы таратты.
Маалыматка ылайык, базарларда иштеген жарандардын балдары ата-энелеринин ордунда соода кылган фактылар катталган. Бул багытта инспекторлор тарабынан ата-энелерге жана мектеп администрациясына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери боюнча инспектор Жаңылбүбү Чобиеванын айтымында, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча өспүрүмдөрдү оор ишке салуу жана алардын укугун одоно бузуу иштери жок. Бул боюнча учурда тийиштүү тармактар менен биргеликте маал-маалы менен рейддер жүргүзүлүп турат.