Баткен облусунун "облус" макамын алганына бүгүн, 13-октябрда 17 жыл болду. Президент Аскар Акаевдин жарлыгына ылайык, 2000-жылы Баткен облусу негизделген.
Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору болуп Баткен айылы белгиленген. Республиканын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны коргоо үчүн аскердик бөлүктөр негизделип, аларга чек арачы аскерлер коюлган. Натыйжада 2000-жылы күзүндө Кыргыз Республикасынын чектерине кайрадан кирип келишкен бандиттик топтор кыргыз жоокерлери тарабынан сокку жеп, чегинүүгө аргасыз болушкан.