ЖЫЛНААМА, 13-ОКТЯБРЬ: Мындан 8 жыл мурун обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын Ашыраалы Айталиев көз жумган

Мындан 8 жыл мурун обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы Манас орденинин ээси Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Ашыраалы Айталиев 1927-жылы Чүй облусундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталган. Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, анын аракети менен Кыргыз Республикасында жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган. Ал төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын "Жылкычы", "Нарындан жазган салам кат", "Ак шоокум", "Оюнда кимдин гүлүсүң?" жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырларына айланган.
Акындын өлбөс-өчпөс ырлары, төкмөлөр менен айтышкандары Алтын фонддо сакталып турат. Ошону менен бирге дастан кылып айта жүрчү сүйүүсү да бар. Ашыраалы атанын сүйүүсү Наиля апа төкмөдөн 14 жаш кичүү. Татар элинин сулуу кызы Наиля окуу жайды бүтүп, Нарын шаарындагы почтада камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектене баштайт. Концерт коюп барган Ашыраалы кокусунан почтага киргенде Наиляны жактырып калат. Таанышкандан жети жыл өткөндө гана Ашыраалы Айталиев сүйүүсүнө жетет. Экөөнүн ортосунда бала болгон эмес. Жаңы үйлөнүшкөндө Наиля апа бир кыздын, төкмө төрт баланын атасы эле. Анан алар Наиля апанын жээн небересин багып алышат.

13-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан