9 айдын ичинде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы “Балдар үчүн ишеним телефонуна - 111" жалпысынан 490 чалуу түшкөн. Бул тууралуу Ишеним телефон борборунун директору Марина Жапаркуловага шилтеме берүү менен министрликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бардык чалуулардын 94ү же 20 пайызы балдардан түшкөн. “Борборду Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги ЮНИСЕФ Эл аралык уюму менен биргеликте ачкан. Бул жакка көбүнчө үй-бүлөнүн ичиндеги чыр-чатактар, балдардын жүрүм-туруму, тарбиялоо жаатында чалуулар болот. Андан тышкары мектептеги рэкет, балдарга карата чоңдордун адилетсиз мамилеси, кээ бирөөлөр жалгыздыкка, ата-энеси, теңтуштары тарабынан түшүнбөстүктөргө даттанышат”, - дейт М.Жапаркулова.
Бардык чалуулар бекер жана жашыруун кабыл алынат. Борбор күнү-түнү, дем алышсыз иштейт.