Кыргыз жеринде малды идентификациялоо иши качан башталары дагы эле бүдөмүк. Бүгүн, 13-октябрда "Парламент" радиосунда түз эфирде депутат Абылкайыр Узакбаев малды паспорттоштурууда Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдөн артта калганын, Казакстанда бул иш жолго коюлуп калганын айтты. “Биздеги идентификация процессинин жанданбай жатышына Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын Айыл чарба министрлигинин эмес, өкмөттүн алдында турушу себеп болуп жаткансыйт”, - дейт депутат.
Маалыматка таянсак, өкмөттөн малдын кулагына тагылчу биркаларды даярдоого 40 миллион сом берилген. Ушунча каражатка бирка сатып албай эле, бирка чыгаруучу завод курууну сунуштады. Ал эми депутат Рада Туманбаева малга биркаларды кантип тагуу керектигин түшүндүрүү үчүн адистер жетишсиз болуп жатканын айтат.
Кыскасы, 2 жыл мурун баштала турган иш дагы эле ордунан жыла элек. Сунушталган мыйзамга ылайык, бодо малга 2014-жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1-октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү жагы каралган.