СУПЕРСТАН: "Күзгү менен сүрөттүн сыры. Күзгү сулуулукту тартып алабы?"

SUPER.KG "Суперстан" бөлүмүндө "Күзгү менен сүрөттүн сыры. Күзгү сулуулукту тартып алабы?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Мени көптөн бери ойлонткон нерсе жөнүндө оюмду ортого салгым келди. Күзгү сулуулукту тартып алат дегенге ишенесиңерби? Силер да күзгүгө узак убакытка карансаңар, башка адамды карап жаткандай болосуңарбы? Мен сүрөттөрдүн баарын өчүрүп таштайм, себеби сүрөт адамдын жүзүндөгү нурду, сулуулукту алат деп ишенем. Силерде ошондой ойлор болобу? Билген кызыктуу нерселер жөнүндө жазгылачы".

"Кызык экен... Негедир ушундай нерселерге анча ишене бербейм. Жакшылап ойлонуп көрсөм, мен да күзгүгө көп карана берсем, көзүмдүн нуру жоктой көрүнүп кетет. Бирок күзгү сулуулукту тартып алат деген болбогон кеп болуш керек".

"Каранганда билбейм, бирок баягы "Битва экстрасенсов" дегенди көрө берип, түнкүсүн сыртка чыкканда күзгүнү карабайм, бирдеме көрүнөт деп корком".

"Мисалы, мен күзгүгө кечке карап тура албайм. Өңүм өзүмө жат болуп кеткендей болот, бирок анча маани бербейм мындай нерселерге".

"Күзгүдө канчалык көп отурсаң, ошончо өзүңдү сулуу сезип, туура эмес жериңди оңдоп, туура басып, жарашыктуу кийинип, дене боюңду түздөп, сулуулугуңду көпкө сактайсың дегенге ишенем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан