Бишкек-Ош унаа жолундагы тыгынга оор жүк ташуучу унаалардын жайкы дөңгөлөк менен жүргөнү себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Жайыл районунда 13-октябрь күнү саат 17:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 120-чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда 5 оор жүк ташуучу унаанын жайкы дөңгөлөктөрү кышкыга алмаштырылбагандыктан, жааган кардын кесепетинен тыгын пайда болуп, унаа кыймылына тоскоолдук жаралган. Жайыл райондук №9-Жол тейлөө ишканасы тарабынан 3 техника тартылып, 14-октябрда саат 02:20да жол кыймылы калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Маалымат үчүн: 2016-жылдын 13-октябрь күнү саат 20:40тан 21:30га чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан калкка маалымдоонун жана билдирүүнүн жалпы мамлекеттик системи аркылуу бир нече каналдар боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларындагы аба ырайына байланыштуу эскертүүлөр берилген. Анда алыскы жолго чыгарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу зарыл экени айтылып, бул эрежелерди сактабагандар ашууларда кыйынчылыка кабылары эскертилген. Андан сырткары аба ырайын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн 2016-жылдын 13-октябрынан саат 17:00дөн тартып чектөө киргизилгени маалымдалган.