ЭЛДИК КАБАР: 2018-жылы Москвада Месси менен Роналдунун ойноору күтүлгөн стадиондо кыргыздар иштеп жатышат

Москвадагы "Лужники" футбол стадионунда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчулардын арасында кыргыздар бар. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

Айта кетсек, 2018-жылы Орусияда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Оюндар өлкөдөгү 12 стадиондо өткөрүлөт. Чемпиондукка белгилүү футбол жылдыздары катышмакчы.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
tashi62
2016-10-14 11:17:51
ха ха ишиңерге ийгилик
-21
lolo.1
2016-10-14 11:25:42
tashi62 эмнеге хаха эмне шылдындап жатасынбы?
+16
rukopashnik
2016-10-14 11:20:33
ал экөө ойноп калабы ойнобой калабы, ал азыр чечилелек..
+6
Patriot..kg
2016-10-14 11:26:19
Месси баштаган Аргентина точна ойнобой калышы мумкун. Азыр абалы мышык ыйлагыдай
+6
mratbashy
2016-10-14 11:31:53
Окунучтуу кыргыздардын корунгон жерде жургонуно анан дагы сыймыктануу менен жазып койгондорун Месси менен Рональдонун частный стадионун куруп атыщкансып
+10
nemo2016
2016-10-14 13:03:10
mratbashy,ак мээнет мн тапкан акчага сыймыктанатда аллах таалам ырыскыны кайсы жерге чатса ошол жерден терип жейбиз
+10
rejepova
2016-10-14 11:50:38
ак эмгек мн тапкандын уяты жок, иштей бергиле
+14
modem4999
2016-10-14 11:55:23
Ар ким озунун иштеген иши менен мактанат,ишинерге ийгилик!Ошол мандай терибизди из жерибизде токсок кандай сонун болот эле атаганат!
+4
Uluk_Kalyev
2016-10-14 11:55:49
Месси баштаган Аргентина точна ойнобойт Португалия Роналдунун баштаган команда ойнойт
+7
Rifle_I
2016-10-14 13:29:24
Сүрөткө түшкөн жигит эркек экен, иштеген ишине мактанган. Ак иштесең мээнетиң кайтат. Иштей бер .
+14
Zynk.kg
2016-10-14 14:06:33
Месси билбедим барабы барбай калабы бирок Роналдо точьно барат бул жолкусунда коншу узбекстанда барып калышы мумкун болтат.
+6
EddieNigma
2016-10-14 18:37:47
Zynk.kg, Озбекстан озунун группасында 1-орунда кетип жатат,Туштук Кореяны гана утса аларды эч Ким токтото албайт
0
Ilgiz2016
2016-10-14 15:08:54
Еееей озбектерин менен отук гийип жалгыз ойноп койом.
-2
Azizbekbek
2016-10-14 18:13:46
Ilgiz2016,ошентип курук эле мактана бербегилечи кыргыздар негизи мактанчаак болобуз созубуз менен ишибиз тура чыкпайт
+6
EddieNigma
2016-10-14 18:30:59
Ilgiz2016,Сен золотой бутса кийип,районундагы братванды ээрчитип келсен да аларды ута албайсын,Озбекстан акыркы жылдары футбол жаатында абдан онугушту. Кореяны,Австрияны,Хорватияны,Китайды,Португалияны утуп чыгышты + Фифанын рейтингинде 49-орунда (биз 108)

P.S Озбек эмесмин
+2
Nurbag
2016-10-14 23:03:59
Moskvada argentina alat
-2
Aruna25
2016-10-15 01:01:34
2018ге чейин жакшылап иштеп Кыргызстаныма кетип калайлы аман-эсен...
0
tita
2016-10-15 01:35:41
Aruna25,эмнеге 2018ге чейин? Андан кийин эмне болот?
+1
argen.kg4
2016-10-15 22:40:22
Албетте ошондой атактуу курулуштарда Кыргыздардын мээнети салымы бар. Мен да Масляковдун КВН залында иштегенмин.Аалы Токомбаев атабыз айткандай:
Дарак барбы Кыргыз балта чаппаган,
Сай сайларда кыргын болуп жатпаган.
(Кандуу жылдар поемасы).
+3
Chimgen
2016-10-16 14:16:50
Эхх байкуштар. Татыктуу президентти шайлап албасак ушинтип кыйналып журо беребиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан