Лейлек. Паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы: "Жарандарды сөгүп, орой мамиле жасаган эмесмин"

Баткен облусунун Лейлек районунда тиешелүү кызматкерлер 1994-жылдагы эски паспортторду алмаштырууга айыл өкмөттөрүн кыдырып кеткенинен улам кезек күтүүлөр көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Лейлек районунун Паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Жолдошбай Жороев билдирди.

"Райондо эски паспорт менен жүргөндөр көп болууда. Аларды алмаштыруу үчүн айыл өкмөттөргө кыдырып кеткен элек. Мындан сырткары биздин аймакта трансформатордун иштебей калганынан электр жарыгы үч күн жок болуп, буга байланыштуу компьютер менен иштөө таптакыр токтоп калган. Мындан улам жарандардын кезекке туруулары күчөгөн. Азыр бул маселе жөнгө салынды. Ал эми адамдарды сөгүп, орой мамиле жасаганым боюнча далилдеп берсин. Мен андай жолго барбаймын", - деди Жороев.

Маалыматка караганда, аталган бөлүмдө 2 кызматкер жалпы районду тейлейт.

Эске салсак, окурман 14-октябрда "ЭЛДИК КАБАРга" Лейлек райондук паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы Жолдошбай Жороев иш убактысында адамдарга орой мамиле жасап, сөгүп, терс мамиле кыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
rukopashnik
2016-10-14 11:18:25
сөгөт да сөкпөсө айтат беле
+6
bom.bon
2016-10-14 12:17:34
rukopashnik,туура super.kg окуп отурган окшойт дароо жооп жазыптырго?
+1
take220281
2016-10-14 11:25:49
Бул жака жазбай эле ХХХ ХХХ ХХХ ошол жерден
+3
admin_portal
2016-10-14 12:02:04
take220281, провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
-1
aseras
2016-10-14 14:46:01
Кой кой актанбагыла эми туштон кийин.
+2
Izdeim_seni.
2016-10-14 15:46:21
паспортный столдун начальниктери оздорун кудай сезип алышкан. бут жерде ошондой корунуш
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан