Орто-Токой суу сактагычына мыйзамсыз салынган торлор тазаланып, өрттөлдү

Кочкор районундагы Орто-Токой суу сактагычына мыйзамсыз салынган торлор тазаланып, өрттөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде узундугу 1800 метр болгон 18 даана тор алынып, күбөлөрдүн көзүнчө өрттөлгөн.

Иш-чаранын негизги максаты - мыйзамсыз балык кармоого бөгөт коюу. Себеби буга чейин Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык кармагандардын саны көбөйүп кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2016-10-14 18:13:32
Ал торлорду ким койгон ал жакка? Өзбекстан эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан