Орусиялык атактуу мушкер Фёдор Емельяненконун кызына кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Орусиялык басылмалар кабарлашкандай, кылмышкер 16 жаштагы кызга 1 сокку узаткан. Окуя болгон жердеги камералардагы видеолор тиешелүү органдардын колуна тийди. Кылмышка шектүүнүн бети ачык көрүнгөнүн күч органдары кабарлап, аны табуу аракети күчөтүлгөнү айтылды.
Кылмышка шектүү адам - славян түспөлүндөгү жаран. Азырынча кандай максатта бул жорукка барганы боюнча Орусиянын тиешелүү органдары божомол айта элек.