Орусиялык аскер башчы Фёдор Ушаков 1817-жылы 14-октябрда 72 жашында каза болгон.
Ал 1745-жылы 13 (24)-февралда Бурнаково айылында бай эмес дворяндык үй-бүлөдө төрөлгөн. 1766-жылы Деңиз кадеттик корпусун аяктап, Балтика флотунда кызмат кылган. 1769-1774-жылдары орус-түрк согушуна катышып, 1769-жылдын 30-июнунда лейтенант чинин алган. 1783-жылы Кара деңиз флотунда Херсондогу кеме курулушуна катышкан. Өзүнүн биринчи сыйлыгын IV даражадагы Ыйык Владимир орденин 1785-жылы Херсондогу чума эпидемиясына каршы күрөштө ийгиликтүү көмөктөшкөнү үчүн алган.