Патрулдук милиция башкы башкармалыгында Ачык эшиктер күнү өттү

Бүгүн, 14-октябрда ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгында Ачык эшиктер күнү өттү. Аталган мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, бул иш-чара кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгына карата уюштурулган.

Ачык эшиктер күнүнүн максаты – жарандарды Патрулдук милициянын иши, техникалык жабдыктары менен жакындан тааныштыруу”, - деп билдирди Тилек Оторов.

Иш-чарага шаардык мектептердин окуучулары келип, Патрулдук милициянын кызматкерлери менен маектешип, кызыккан суроолоруна жоопторду алышты. Ачык эшиктер күнүнө окуучулар менен катар Жол кыймылынын жаш инспекторлор отряды да келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан