Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, эки ирет күзгү жамгыр карга айланды. Жылда бул мезгилде мындай аба ырайын күтпөгөн калк быйыл сууктун эрте түшкөнүн көп талкуулап жатат. Борбор калааны жай бою кооздукка бөлөп турган гүлдөр, декоративдик өсүмдүктөр күтүүсүз кар алдында калды. Жайды элестеткен назик гүлдөрдүн суук менен кармашкан кубулушту бул сүрөттөр топтомунан көрүүнү сунуштайбыз.
Аба ырайы боюнча синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы аралыкта күндүн кескин жылышы күтүлбөйт. Күн тийгени менен, чыкыроон суук кайтпай тургандыгын эскертишет. 22-октябрда (ишемби) кайрадан жамгыр жаап, 23-октябрда (жекшемби) карга айланат. Ошол боюнча кардын жаашы келерки жуманын шейшемби, шаршемби күндөрү да уланарын синоптиктер божомолдошууда.
Эске сала кетсек, быйылкы биринчи кар Бишкек шаарында 13-октябрдан 14-октябрга караган түнү түштү. 2015-жылы алгачкы кар 19-октябрда, 2014-жылы болсо 27-октябрда жааган. Ал эми 2013-жылы алгачкы кар 20-ноябрда жааган. Мындай ыраат менен алып караганда, кышкы суук, кар жылдан-жылга эрте түшүп жатканынан кабар берет.