Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда каза болгон баптизм агымындагы аялдын сөөгү Чаткал районунда жерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун имамы Шумкар Чыналиев билдирди.
"Ала-Бука районундагы Сары-Талаа айылынын тургундары каза болгон баптист аялдын сөөгү мусулмандардын мүрзөсүнө коюлбасын деп каршылык көрсөтүп, район акимине чейин келишкен. Бул маселе боюнча райондук администрацияда жолугушуу уюштурулду. Жыйынтыгында маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Чаткал районунда жерге берилери макулдашылды", - деп билдирди Чыналиев.
"Учурда Ала-Бука районунда калктын 99 пайызы ислам динин карманышат. Калган 1 пайызы Жахабанын күбөлөрү, христиан дининин баптизм багытын тутунушат. Буга чейин 7 жыл мурда райондо башка диндеги адам каза болгондо, маркумдун сөөгүн айылдын четиндеги кырга алып барып коюшкан", - деп кошумчалады райондун имамы.
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан.