Ырчы Анжелика менен мурун иштеген чебер Айнура Иманалиева "Анжеликанын ийне-кайчы кармабай туруп, анан "мен тиккен көйнөктөр" деп айтканына таң калам" дегени учурда кызуу талкууланууда.
Ырчы айым бул маселе боюнча SUPER.KG`ге буларды айтты: "Ар бир пенде атактуулукту каалап, "менин атымды аташса" дейт. Бул туура эле көрүнүш. Айнура Иманалиеваны, анын бир тууган эжесин жакшы тааныйм, алар менен абдан жакшы мамиледебиз, жакшылыктарда чогуу болуп келебиз. Мен эже-сиңдинин апасы менен алгач таанышканымда, ал жууркан-төшөктөргө, туш кийиздерге курактай кылып оймо-чиймелерди бастырып-түшүрүшчү экен. Анан мен ушул нерселерди көйнөктөргө да түшүрсөк кандай болот деген идеяны сунуштагам.
Мен өзүмдүн Мода үйүмдө дизайнер катары эмгектенем. Дизайнермин деп жар салбайм, оймо да сайбайм, болгону мага кооз көйнөктөрдүн идеясын түзүү жагат. Бул деген тигүүчү дегенди билдирбейт. Бир көйнөктүн идеясын түзүп, кездемесин тандап, кандай түстө болот, кайсы жерге кандай оймо коюлат - баарын өзүм түзүп чыгам. Муну баары билет. Бул жерде жаңылыштык болуп жатат. Мен даяр көйнөктү алып "мен тиктим" деп айтып жаткан жокмун да.
Менде иштеген ар бир кызматчынын атын айта бербейм. Тигүүчүнүн, оймочунун атын сурашса, айта алам, керек болсо жарнамалашым да мүмкүн. Ал үчүн эч нерсе болбойт. Анан да бизде тигилген көйнөктөр Мода үйүнүн аты менен кетет. Ал эми иштеген кызматчыга мээнетине жараша акы төлөнөт. Ар бир кызматчымды баалайм. Айнура Иманалиева сыяктуу менде көптөгөн бычмачы, тигүүчү, колго, машинада сайма сайгандар, кыскасы, түрдүү багытта иштеген кызматкерлер бар. Кааласаңыздар алардын да оюн угуп көрүңүздөр. Адамдын талантына мүмкүнчүлүк берсе, таланты ошончолук ачылат деп ойлойм. Андыктан "булактын көзүн ачкандай эле болдуң" деп мага Айнура эже ыраазычылыгын айтып калчу".