Эрмек Өмүралиев Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өмүралиев эмне себептен кызматтан алынганын жана аталган агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруу кимге жүктөлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган жок.