1914-жылы 15-октябрда кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, кыргыздан чыккан тарых илиминин алгачкы кандидаты, алгачкы доктору (1950), профессор (1951), Кыргыз илимдер академиясынын биринчи тарыхчы-академиги (1954) Бегимаалы Жамгырчинов Чүй өрөөнүндөгү азыркы Сокулук районуна (мурдагы Кызыл-Аскер районуна) караштуу Күн-Туу айылында туулган.
Бегимаалы Жамгырчинов 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин ошол эле институтта окутуучу болуп иштеген.
1943-1950-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында улук илимий кызматкер;
1950-1951-жылдары ошол эле филиалдын Тарых, тил жана адабият институтунда директор;
1951-1954-жылдары КМУнун ректору;
1954-1955-жылдары Кыргызстан ИАнын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы;
1965-1976-жылдары вице-президент;
1976-1982-жылдары Тарых институтунда сектор жана бөлүм башчы болуп эмгектенген.
Бегимаалы Жамгырчинов 1982-жылы 31-октябрда Бишкектен каза болгон.