Facebook социалдык тармагына үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылган ID-карталар жүктөлдү. Асел Болотова аттуу колдонуучу "Эмне үчүн ар жерде ар башкача жазылганын түшүндүрүп коюңуздарчы, кантип эле паспорт берген бөлүмдөрдө жалпыга бирдей үлгү жок болсун?" деген суроо салып, паспорттордун сүрөттөрүн жүктөгөн. Ал сүрөттөр учурда кызуу талкууга алынууда.
Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов бул кезектеги фотошоп болушу мүмкүн экенин айтып, текшерүү жүргүзүлөрүн жана бул тууралуу кошумча маалымат берерин билдирген.