Бүгүн, 19-октябрда өлкөдө абанын температурасы -5 градуска жетери күтүлөт

Бүгүн, 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаандын карга айланышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетери күтүлөт. Ал эми 19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн абанын температурасы -5 градуска жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1... -3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
omka100514
2016-10-19 10:25:25
бизде Ош шаарында кар жаады, суук, отопление бериле элек, печканы сайып алып жанынан жылбай эле отурабыз
0
Kroxa
2016-10-20 06:57:08
omka100514,бизде ошол печка сайганга свет да жок Караколдун центрында жашайбыз отопление 1 ноябрда берилет этажда жаш балдар менен тонуп отурдук тышта кар уйло свет жок кечее кечке...
0
DNurgiza
2016-10-19 11:06:18
Токтогулда да суук, күн тийип турса да суук б.п атат ко....
0
Aksy.24kg
2016-10-19 12:15:03
Аксыда кун ачылып кетти.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан