Депутат Кытайда кылмышка шектүү катары 1 жыл камакта отурган Кыргыз өлкөсүнүн жаранына компенсация төлөп берүү керектигин айтты

Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында депутат Алмаз Токторов Кытайда кылмышка шектүү катары 1 жыл камакта отурган Кыргыз Республикасынын жаранына компенсация төлөп берүү керектигин айтты.

Депутат өкмөттөн: "Куштарбек Алимов аттуу жараныбыз Кытайдагы камакта отурган. Анын күнөөсү далилденбегенинен ал бошотулган. Анын автоунаасы унаа токтотуучу жайда 1 жыл туруп, жараксыз абалга келди. Кытай тарап компенсация төлөп береби? Биз өзүбүздүн жараныбыздын укугун коргой алабызбы?" - деп сурады.

Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованын айтымында, Башкы прокуратурада аталган жаран тууралуу маалымат жок. "Тышкы иштер министрлиги менен карап чыгышыбыз керек. Кайрылуулар болсо, биз карап чыгабыз", - деди Усманова.

Депутат арыз менен кайрылганын билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөнов бардык арыздар Тышкы иштер министрлигинде экенин айтты. "Сиз айткан жаран боюнча иштеп жатабыз. Кытай тарап азырынча жооп бере элек. Унааны чыгаруу боюнча иш жүрүп жатат. Жакын арада унаасын кайтарууга аракет кылабыз", - деди Үсөнов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан