Бишкектеги Элебаев көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштерине байланыштуу унаалар үчүн жол жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 19-октябрда билдирди.
"Бишкек асфальт-сервис" муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, Элебаев көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 17-октябрынан баштап жүргүзүлүп жатат. Буга байланыштуу аталган көчө Горький көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейин унаалар үчүн жабык. Бул аймакта жол, тротуарлар, ирригациялык систем оңдолуп, жарыктандыруу пландаштырылууда. Оңдолуп жаткан тилкенин узундугу 316,7 метрди, туурасы 6 метрди түзөт. Оңдоо иштери ноябрь айынын аягына чейин уланмакчы", - деп айтылат маалыматта.