Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: "Бийлик Эл аралык сотто Максим Бакиевге утулса, анын доору башталат"

"2010-жылы Конституция Максим Бакиевдин алдыга койгон иштерин аткаруу максатында өзгөртүлгөн". Мындай пикирин бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйынында укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Маалымат жыйынында Токтайым Үмөталиева Максим Бакиевге тиешелүү иштерди, 2010-жылдагы Конституциянын кандай максатта өзгөртүлгөнүн, ошол эле учурда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн иштелип чыккан быйылкы мыйзам долбоорунун кемчиликтерин айтты.

"Кыргыз Республикасы буга чейин 20дан ашык Эл аралык конвенцияга кол койгон. Ошол кол коюулардын негизинде эл аралык компаниялар өлкөдөгү кен байлыктарды казып, талапка жооп бербегендей иштерди аткарса, анда биз соттошо алабыз. Ал эми азыркы өзгөрөт деп жаткан Конституцияда "жаратылыш, жаныбарлар - мамлекеттин кен байлыгы" деп жазылбай калган. Мындан улам чет өлкөлүк компаниялар келип жаратылышыбызды талкалап кетсе, анда биз соттошо албай калабыз", - деп билдирди Үмөталиева.

Ошол эле учурда укук коргоочу 2009-жылы кыргыз бийлиги "Ак-Кеме" мейманканасын басып алган түрк компаниясына утулуп калганын, ал компания мамлекетке 40 миллион доллар карыз болгонун айтты.

"Буга чейин 3 жолу "Ак-Кеме" мейманканасы боюнча тергөө тобу түзүлдү, бирок прокуратура бул ишти карабай койду. Азыркы башкы прокурор Индира Жолдубаева да "Ак-Кеменин" ишин карабай жатат", - дейт укук коргоочу.

"Бийлик жакында Максим Бакиевге Эл аралык сотто утулат. Бийликтегилер муну билип калышты. Мындан улам элдин көңүлүн Конституцияны өзгөртүүгө, референдумга буруу керектигин ойлоп чыгышты. Алдыда Максим Бакиевдин доору башталды. Мен изилдеп таап чыккан документтерди президент көрсө, төбө чачы тик турат", - деп кошумчалады Үмөталиева.

Маалымат жыйынында укук коргоочу массалык маалымат каражаттары аркылуу президенттен кабыл алууну суранды. Ал 5 жылдан бери президентке кире албай жатканын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Santanna
2016-10-19 17:53:24
Бул АША билет элди кантип алаксытышты,куноолуу саясатчыны кудай жазаласа экен...
-3
Emil0211
2016-10-19 19:46:52
1-Отунбаева,
2-Текебаев,
3-Атамбаев -булар созсуз катуу жазаланыш керек.7-апрелдеги курман болгондор учун,Оштогу курман болгондор учун,жана банктагы жоголгон ячейкалар (акчалар) учун.Анан жаны бийлик келип Бакиевтерди ар бирин кылган куноолоруно жараша жазалап анан ишти таза башташ керек
0
Emil0211
2016-10-19 19:48:53
Андай болбосо Кыргызстан коркунучтуу абалга келди
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан