Бишкекте жакшы көргөн кызын жана анын апасы менен таежесин бычактап өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунун канцеляриясынан билдиришти.
Соттук ишти караган судья Санжар Чотонов айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.
Эске салсак, 29-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында милицияга "борбордогу Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери турак жайда Жалал-Абад облусунда 1975-жылы туулган М.В. аттуу аял жана 1989-жылы туулган М.А. аттуу сиңдиси белгисиз адамдар тарабынан бычакталып өлтүрүлгөнү аныкталган. Ал эми 1997-жылы туулган М.Н. аттуу кыз санынан жаракат алып, оор абалда болгон. "Тез жардам" келип медициналык жардам көрсөткөн, бирок кан көп кетүүдөн кыз өзүнө келбей каза болуп калган.
Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ш.К. аттуу Нарын облусунун тургуну кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө айыпталуучу сүйлөшкөн кызына жолугушууга келип, бирок анын апасы урушуп экөөнү жолуктурбай койгону маалым болгон. Айыпталуучу өзү берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал алгач кетип, спирттик ичимдик ичип, 2 бычак алып кайра кайтып, сүйлөшкөн кызын, анын апасын жана кыздын таежесин бычактап кеткен.