Өзгөн шаарында археологиялык курулуштарды документтештирүү боюнча семинар өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, семинар 20-27-октябрь күндөрү өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институту, Маданий мурастар борбору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат. Семинар "Сулайман-Тоо" Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин колдоосу менен өтмөкчү.
"Семинардын негизги максаты - тарыхый-маданий мурас курулуштарын сактоо, изилдөө жана пайдалануунун жергиликтүү потенциалын жогорулатуу. Аталган семинардын экинчи бөлүгүндө Япониянын жана Казакстандын адистеринин курулушту документтештирүү үчүн дронду пайдалануудагы мурда алган көндүмдөрүн бекемдөөгө акцент жасалат. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары тарыхый-маданий мурастарды башкаруудагы заманбап ыкмалар менен таанышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.