Бүгүн, 19-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз Республикасынын 2010-жылкы Конституциясынын түп нускасы кайда экени табышмак. Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында Баш мыйзамдын түп нускасы кайсы органда экени жөнүндө сөз козголуп, тактоо жүрдү. Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын оригиналы, мыйзам боюнча, президенттик администрацияда сакталарын, өзү жетектеген министрликте жок экенин айтса, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппаратта да документтин оригиналы жок экенин маалымдады. Мамлекеттин таянар жалгыз документин сыйпалап таппай калышты. Ушундай да болот.
Бүгүнкү окуя ачыктады: Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилери иш үстүндө документтин түп нускасына кызыгып көрүшкөн эмес. Мындайда элде, бийликтин оппоненттеринде авторлордун аракетине ишеним болушу мүмкүнбү? Бүгүнкү кырдаалды депутат Каныбек Иманалиев таамай салыштырды: бийлик жүрүп бараткан машинанын тетиктерин оңдоюн десе, машинанын өзү жок болуп жатат. Түп нускасы жок Баш мыйзамды өзгөртүүгө болбой турганын айткан депутаттар же фактыны иликтөө үчүн комиссия түзүү сунуштары чочулаттыбы, айтор, саналуу мүнөттөрдүн ичинде президенттик администрациянын өкүлү Абдылдаев сөзүн түзүктөп түшүндүрүүгө шашылды. Аппараттын канцеляриясында Убактылуу өкмөттүн декрети менен кандайдыр бир документ тиркелип жүргөнүн, бирок аны түп нуска деп атоого болорун же болбосун айта албасын билдирди. Балким, мындай "күтүүсүз жоготуу" бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине таасир этпеши мүмкүн. Бирок, мыйзам боюнча, Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталышы керек болсо, бүгүн аппарат өкүлдөрүндө так маалымат болушу керек эле. "Бир кагаз тиркелип жүргөн, түп нускабы же башкабы билбейбиз" деген жооп 6 миллион жарандын тагдырына байланышкан документке кайдыгер мамиле жасалып жатканынын белгиси. "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, 2010-жылы Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеп турган Акылбек Сариев өлкөнүн башкы документинин оригиналы президенттик аппаратта сакталышы керектигин айтты. Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов Убактылуу өкмөт жактырган 2 Баш мыйзамдын долбоору архивде сакталганын, ал эми "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган 2010-жылкы Конституциянын президент кол койгон бирдиктүү тексти негизи эле жок экенин айтууда. Өлкөнүн негизги документинин жоголушуна ким жоопкерчилик тартары бүдөмүк. Ага карабай Баш мыйзамдын тагдыры парламентте тездик менен чечилүүдө.
Катуу каршылыктарга карабай Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. 88 депутат макул болсо, 16 депутат каршы добуш берди. Мурункудай эле көрүнүш. Берилген суроолорго так жооптор аз, айрым суроолорго такыр жооп алынган жок. "Референдумду ким дайындайт?" деген жөнөкөй суроо депутат Мыктыбек Абдылдаев тарабынан спикер Чыныбай Турсунбековго 3 жолу берилип, жоопсуз калды. "Сиз экөөбүз муну сүйлөшкөнбүз, жооп Конституцияда", - деп кутулду спикер. Ашыкча суроо жаратып, аларга жооп таба албай кыйналгысы келбеди көрүнөт. Өзгөртүлгөнү жаткан Конституция элге убадаланган жыргал жашоону алып келе албаса, негизги авторлор катасын жигитче моюнга алып, саясаттан кетүүгө даярбы? Демилгечилер Иса Өмүркулов менен Өмүрбек Бабановго ушундай суроо берилип, конкреттүү жооп айта алышпады. Конституциянын жакшы жыйынтык бериши аны иштеткен адамдардан көз каранды болорун, Баш мыйзам алтын тамгалар менен жазылган күндө да аны иштете албаса бекер деген пикирде турушат авторлор. Кеп документте эмес, адамдарда болсо, анда азыркы Конституция менен деле жакшы жашоо курууга мүмкүн экен да. Кеп элди жыргатууда эмес, бийлик маселесинде экенин улам тастыктап жатышкансыйт.
Дагы бир жагдайды коомчулук көңүлдөн тыш калтырууда. Бүгүн мамлекеттик органдар майда-чүйдө ишинин баарын "өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жасалууда" деп жар салышат. Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген ошол 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Конституциянын өзгөртүлүүсү тууралуу минтип так жазылган: "Албетте, кечээ эле кашкайган жана табигый нерсе бүгүн анахронизм болуп калышы мүмкүн. Ошентип, Конституцияга шашылыш өзгөртүүлөрдү киргизүүгө азгырылып кетүү менен биз "Конституциялык реформалардын" аягы бүтпөс айлампа жолун улантуу тобокелдигине кабылабыз. Ошондуктан конституциялык-укуктук мамилелерди өркүндөтүүдө негизги басымды иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө эмес, дүйнөлүк тажрыйбада кабыл алынган анын принциптерин жана ченемдерин турмуш чындыгынын керектөөлөрүнө карай ийкемдүү өнүктүрүүгө жасоо зарыл".
Улуттук стратегия мындан 3 эле жыл мурун бекитилген. Жогорудагы жөндүү цитатаны бүгүн бийликтегилер эзели айтпайт, эстебейт дагы, анткени билип туруп айлампа жолго өздөрү жүгүрүп баратышат. Эки революция калтырган сабакты биротоло унутушту өңдөнөт. Мамлекетти башкаруудагы мүчүлүштүктөрдү жоюу жолдорун дүйнөлүк тажрыйбадан издебей, оңоюна, балким, өздөрүнө пайдалуу жагына качырып, Конституцияны өзгөртүүгө киришишти. Кыскасы, баратышат. Бабанов менен Өмүркуловдун тайсалдаганын айттык. Жасаган ишинин жыйынтыгы жакшы болоруна авторлордун өздөрүнүн көзү жетпесе, элдин ишеними тууралуу сөз кылуу кыйын. Эртең эгер сунушталып жаткан өзгөртүүлөр элди туңгуюкка кептесе, катачылык кетиргенин моюнга алчу азаматтардын чыгышы андан бетер кыйын...
Кыргыз мамлекетинде Аскердик сотту жоюу демилгеси кайра жанданды. Депутат Алмамбет Шыкмаматов Аскердик соттун судьяларын иши көп болуп жаткан жергиликтүү сотторго өткөрүү жагы каралып жатканын айтат. Аскердик сотто иштин көлөмү абдан аз, судьяларынын айлыктары жергиликтүү судьялардыкынан кыйла көп экени белгиленди. Демилгечилердин пикиринде, бул мекеме сот тармагындагы ашыкча орган. Негизи, Аскердик сотто каралган иштер, чыгарылган өкүмдөр тууралуу коомчулук дээрлик кабардар эмес. Иштин көлөмү аз, судьялар маңдайы тердеп иштебей эле айлык алып жатышкан болсо, маселе туура көтөрүлдү десе болот. Анын үстүнө өлкө карызга батып, мамлекеттик бюджет миллиарддаган сом тартыштык менен кабыл алынып жаткан шартта азыраак болсо да казынаны үнөмдөйт. Конституцияны өзгөртүүгө кетчү каражат дагы пландалган суммадан көбөйүп кеткени белгилүү болду. Сентябрда Каржы министрлигинин өкүлү референдум өткөрүүгө 317 миллион сом сарптала турганын билдирген эле. Бүгүнкү күндө бул сумма 392 миллион сомго айланганын Каржы министрлиги тастыктап отурат. Расмий маалыматтарга таянсак, Гарнизондук соттун судьялары 40-48 миң сом, Аскердик соттун судьялары 55-61 миң сом, ал эми шаардык соттун судьялары 32-35 миң сом маяна алышат. Демилге буга чейин да көтөрүлүп, бирок парламент тарабынан эки апта артка жылдырылган эле. Бул жолу сунуш биринчи окуудан өттү...