Кыргыз жеринде Аскердик сот жоюлат. Тийиштүү мыйзам долбоору 19-октябрда парламентте талкууланып, 1-окууда кабыл алынды. Демилгечи депутат Алмамбет Шыкмаматовдун билдиришинче, бул мекеме сот тармагындагы ашыкча орган. Андагы иштин көлөмү аз болгонуна карабастан, Аскердик соттун судьялары иши көп жергиликтүү соттордун судьяларынан эки эсе көп айлык алып жатышат. Шаардык соттордун судьялары бүгүн 32 миң сом айлык алышса, Аскердик соттун судьялары 61 миң сом алып жатышканы айтылды. Аталган орган жоюлса, анда иштеген судьялар жергиликтүү сотторго бөлүштүрүлөт. Муну менен иши көп болуп, оор шартта иштеп жатышкан жергиликтүү судьялардын иши жеңилдемекчи.