Жогорку Кеңештин 20-октябрдагы жыйынында депутат Альфия Самигулина мектептерде жана жогорку окуу жайларында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча сабактарды киргизүүнү сунуштады.
"Күн сайын дүйнөдө жол кырсыктарынан 3 миңге жакын адам каза болуп жатат. Өлкөбүздө бул көрсөткүч жогору. Кыргыз жергесинде орун алган 100 жол кырсыгынын 22си адамдын каза болуусу менен коштолууда. Акыркы 8 айдын ичинде 91 жаш бала жол кырсыгынан набыт болду, 1230 бала жаракат алды. Мындан улам билим берүү мекемелеринде биринчи жардам көрсөтүүгө үйрөтүш керек, айдоочулукка окутуучу мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарыл", - деди депутат.