Бүгүн, 20-октябрда "Борбор Азия кыздарынын бермети" аталган советтик, кыргыздын кино жана
театр актрисасы, СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкеева тирүү болгондо 93 жашка чыкмак.
Бакен Кыдыкеева Бишкек шаарында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Алгач Пржевальск шаарындагы (азыркы Каракол шаары) облустук драма театрында, Тянь-Шань (азыркы Нарын) музыкалык драма театрында иштеген. 1944-жылдын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына которулуп келген.
Ал ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук талдоо жүргүзүп, оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган кеңири диапазондуу артист болгон. Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми "Салтанат" менен байланыштуу болгон. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ролдорду аткарып, мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары Алыкул Осмоновдун "Махабатын" койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.
Өкүнүчтүүсү, убагында "Борбор Азия кыздарынын бермети" аталып атактуу болгон актриса Бакен Кыдыкеева 1993-жылы жол кырсыгынан каза болот. Жанында өздүгүн аныктоочу документтери жок болгондуктан, сөөгү өлүк кармоочу жайда 18 күн турган. Акыры өздүгү аныкталбай, аты-жөнү белгисиз адамдар менен бир чуңкурга көмүлө турган болгондо сөөктү жууп жаткан медицина кызматкери актрисаны таанып калып, тиешелүү органдарга кабарлайт. Ал эми аны коюп кеткен унаанын ээси "Бакен Кыдыкеева өзү келип урунду" деген көрсөтмө берип кутулган деген кептер айтылат. Анткени бул окуянын артынан сая түшүп кубалаган уулдары, кызыккан кесиптештери болгон эмес.
Бакен Кыдыкеева сахнада, тасмаларда ойногон ролдору аркылуу адамдардан жакшылыгын аябаган, мээрман, жароокер аялзатынын образын, кулк-мүнөзүн, бийик сапаттарын түзүп кеткен. Анын замандаштарынын айтымында, жүз жылда бир жаралуучу Бакен Кыдыкеевадай улуу актриса ошол убактагы мамлекеттеги, коомдогу баш аламандыктын, кайдыгерликтин курмандыгы болгон.
20-октябрдын жылнаамасы.