ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: 22 жыл мурун советтик актёр жана режиссёр Сергей Бондарчук көз жумган

22 жыл мурун советтик актёр жана режиссёр Сергей Бондарчук 74 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган. Ал актёр катары "Тынч Дон", "Борис Годунов", "Согуш жана тынчтык", "Мичурин", "Жаш гвардия" тасмаларына тартылып, режиссёр катары "Тынч Дон", "Борис Годунов", "Талаа", "Алар мекен үчүн согушушту", "Адамдын тагдыры" жана башка тасмаларды тарткан.

Сергей Бондарчук эки ирет үйлөнгөн. 1940-жылдардын соңунда Инна Макаровага баш кошкон. 1950-жылы 10-майда Наталья аттуу кыздуу болушкан. Наталья Бондарчук да актриса, режиссёр. 1959-жылы Ирина Скобцева аттуу актрисага үйлөнүп, түгөйлөр эки балалуу болушкан. Кызы актриса Алёна Бондарчук 2009-жылы каза болгон. Ал эми уулу Фёдор Бондарчук атасынын жолун жолдоп актёрлук, режиссёрлук менен алектенип келет.

20-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан