Буга чейин үй-бүлөлүк абалы ар түрдүү жазылган ID-карталар социалдык түйүндөргө жүктөлүп, кызуу талкууга алынган эле. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бул кезектеги фотошоп болушу мүмкүн экенин айтып, текшерүү жүргүзүлө турганын жана бул боюнча кошумча маалымат берерин билдирген.
Бүгүн, 20-октябрда өткөн тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов төмөнкүлөрдү билдирди: “2012-жылга чейин чыккан паспорттордо үй-бүлөлүк абалы “никеси бар” же “никеси жок” жана аялдарга “жесир”, эркектерге “ажырашкан” деп жазылчу. 2012-жылдан кийин Мамлекеттик тил комиссиясынын сунушу менен паспорттогу "үй-бүлөлүк абалы" деген жерге “никелүү” же “никесиз” деген бирдиктүү стандарт киргизилген. Ошондой эле "жесир" деген сөз алынып, аялдарга дагы, эркектерге дагы бирдей “ажырашкан” деп жазылды. Ал эми “күйөөдө эмес” деген жазуусу бар паспорттор чыккан эмес".
2017-жылы бериле турган жаңы биометрикалык паспорттун өзгөчөлүктөрү тууралуу аталган тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев: “Жаңы биометрикалык паспорттун артыкчылыгы - анын электрондук форматта болушу. Жарандын үй-бүлөлүк абалы өзгөргөндө ал паспортун мурункудай алмаштырып отурбастан, компьютердик системден “никелүү” же “ажырашкан” деп тез арада өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле жаңы биометрикалык паспорттор менен акча которуп, сактоо мүмкүнчүлүгү да берилет", - деди.