Кара-Суу районунда базар тазалап иштеген жаран менен мушташкан Салык кызматынын өкүлү иштен алынды

Кара-Суу районунда базар тазалап иштеген жаран менен мушташкан Салык кызматынын өкүлү иштен алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечим кызматтык иликтөөнүн негизинде чыгарылган.

Айта кетсек, окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Анда базардын аймагын тазалап жаткан Эркин Алмакеев менен Салык кызматында иштеген Ариет аттуу адам мушташа кетишкен. Жыйынтыгында экөө тең денесинен жараат алып, милицияга арыз жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Izdeim_seni.
2016-10-20 14:11:04
иштен эле алып коебу
+2
zamir-bek
2016-10-21 00:51:58
Эми аран иштен алындыбы. Муну дагы айласын таап, сойкулардын крышасы болгон милиционердей башка районго которуп коюшаар бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан