Кыргыз Республикасынын 26 жаштагы тургуну Айгерим Өмүрбекова дүйнөдө сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан. Өпкөнүн альвеолалык протеинозу менен жабыркаган кыздын апасы Анаркүл Өмүрбекова учурда кызынын Москва шаарында боло турган операциясына каражат чогултуп жүргөн кези.
"Кызымды азыр ооруканаларга алып барып тиешелүү процедуралардан өткөрүп жүрөм. Москвадагы дарыгерлерге көрсөтүү үчүн поезд менен алып барыш керек экен, учакка салганга болбойт дейт. Айгерим дем алдыруучу аппаратсыз жүрө албайт. Ал менин жалгыз жакын адамым, жолдошум 10 жыл мурун кырсыктан каза болгон. Өзүм жетимдер үйүндө өскөм, ата-энем, туугандарым жок. Кайната, кайненем бар, өзүнчө турушат. Алар да жардам бере алышпайт, себеби кайненем өзү өпкөсүнөн ракка чалдыгып, дарыланып, жаңыдан жакшы болуп келе жатат", - деди Өмүрбекова азыркы абалы тууралуу.
Анаркүл Өмүрбекованын айтымында, дарыгерлер кызына 15 жашында кургак учук диагнозун коюшкан. Дарылоо жардам бербей, кызынын абалы жылдан-жылга начарлай берген.
"5 жылдай дарылашты, баштык-баштык дары-дармектер, ооруканаларга узакка жатмай... Мунун баары жардам берген жок. Андан кийин дарыгерлер көпкө чейин так диагноз коё алышпады. Кызым бүгүнкү күндө I топтогу майып болуп калды. Айгеримди Москвага алып барып операция жасатканга каражатым жетпейт, жардамдан баш тартпайм. Кызым жаш, келечеги бар деп ойлойм", - дейт Анаркүл Өмүрбекова.
Москвадан Айгерим Өмүрбекованын өпкө альвеолаларына (өпкөнүн аба кирүүчү жолдорунун учундагы майда исиркектер) физикалык эритме куюлуп, андагы протеиндер сордурулуп алынат.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Түркияга бекер дарыланууга бул жылга берилген бош орун калбаганын айтып, ал эми Орусиянын саламаттыкты сактоо ведомствосу менен мындай келишим түзүлбөгөнүн кошумчалады.