Бириккен Араб Эмираттарынын жашоочусу аялын бетин жууган соң боёксуз көрүп алып, ажырашууга арыз берди

Бириккен Араб Эмираттарынын жашоочусу аялын бетиндеги боёгу жок көргөн соң ажырашууга арыз берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя түгөйлөр эс алып жаткан Шаржа шаарындагы курорттордун биринде болгон. Келин сууга түшүү үчүн бетиндеги болгон боёгун өчүрүп, даярданат. Аялынын жүзүндөгү мындай өзгөрүүнү күйөөсү дароо байкап, иренжип калган. Кийинчерээк ал 24 жаштагы аялы сулуу көрүнүш үчүн жүзүнө бир нече пластикалык операция жасатканын, дайыма чаптама кирпик жана көзүнө түстүү линзаларды тагып жүрөрүн билген. Бул окуядан соң ал ажырашууга арыз берген. Маалыматтарда жубайлардын аттары аталбайт. Ошондой эле ал окуядан кийин өзүн алданып калгандай сезип, мындан ары аялын көргүсү келбей турганын жана эч кандай сүйлөшүүлөргө барбасын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Esenali
2016-10-20 19:37:07
Үйлөнөөрдөн алдың чоң арыктан аттатып көрүш керек дегендей
+6
Hanzada.sabih
2016-10-20 19:53:07
Тообо,тообо обу жоктукго....
+4
aselushka
2016-10-20 20:02:15
сагызган ачтыгынан эмес суктугунан олот дейт.суйлошпой суйбой эле сулуу экен деп уйлоно калган экенда.
+6
argen.kg4
2016-10-20 20:37:31
Куудулдар айткандай кытайдын шабдаалысы чыгыптыр да.
+5
Asan-aka
2016-10-20 20:49:11
караса эле баддрин дегендей болуптур да
+2
Ashurjan
2016-10-20 21:14:20
Араптар кыз жигит болуп журушпойт
-3
Oylonkyrgyzym
2016-10-20 21:16:09
Балким башка себеби да бардыр,ушул нерсени шылтоо кылган эркеке да рахмат
-3
newman
2016-10-20 21:36:07
Байкасанар жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн аялдары өтө катуу боёнот...
-2
Sharipa-asia
2016-10-20 21:50:28
Тообо кызык!Аларда жакшы карап албайбы?
-4
dobrajelatel
2016-10-21 01:44:36
Жигиттер кулагынарга кумуш сырга. Уйлонордо конул бургула)))
+1
bom.bon
2016-10-21 02:55:51
Эгер баары эркектер ушул кишидей ой жугурткондо 90%ти ажырашам демек
+6
shadyeva
2016-10-21 04:10:09
Кудай сактаааа
-1
nurikkg88
2016-10-21 06:38:02
Бул окуяга менда кубо болгонмун бир кызга уйлоном деп суйлошуп журчумун бир жолу кокустан эрте менен дукондон коруп калдым уйлорунун жанынан тааныйалбай койдум фигурасы окшош жузу такыр башка адам ошодон кийин менда отказ кылганмын
+3
modem4999
2016-10-21 10:03:22
nurikkg88,дуконго ырас эле барган турбайсынбы ээ?
+2
tuigan.
2016-10-21 10:15:19
Кытайда эле ушуга окшош окуя болду эле го.балдарынан эле билинип калат
+1
aiba_00
2016-10-21 14:38:43
Татуаж деген балекет чыкпадыбы, анан дагы козу бутуктор сурма жасап алат, кирпик чаптап алат,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан